2020-жылдын 1-январына карата Өзбекстандын калкынын саны 33,9 млн адамга жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 650,3 миң кишиге же 2%га көбөйдү. Бул тууралуу өлкөнүн Мамлекеттик статистика комитети билдирди.

Республиканын аймактарын талдоо учурунда калктын көпчүлүгү Самарканд (11,4%), Фергана (11,1%), Кашкадар (9,7%) жана Андижан (9,2%) облустарында отурукташканы аныкталган. Болжолдуу маалымат боюнча, 2020-жылдын 1-январына карата республикада калктын жалпы санынын 58,9%ы жумушка жарамдуу.

2019-жылы январь-декабрь айларында 815,9 миң бала төрөлгөн. Бул мезгил аралыгында калктын саны 660,9 миң адамга көбөйүп, бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу 47,3 миң адамга көп.

Булак: Баракелде