Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелип ооруканага жаткырылды.

Ишти Ош шаардык соту карайт. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, келинге Кылмыш кодексинин 134; 3.1 (адамдын саламаттыгына өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган:

Кечээ, 28-январь күнү КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Берлинде өткөн "Жашыл Борбор Азия" конференциясына катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарында билим алып алып жаткан 14 студентти алып келүүнү сунуштады.

28-январда КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди.

Журналист редакциянын кызматкерлерине аңдуу жүрүп жатканын билдирди

Мурдагы президенттин уулу Германиянын элчилигинен ачык катты бүгүн эле алды

Түркиядагы Каппадокия тарыхый аймагына саякатка барган 10 кытайлык турист жана 2 түрк жараны коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды.

 

Учурда Кытайдын Ухань шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студент кыз Азиза Сулайманова "Кабар" агенттигине коронавирус чыккандан кийин шаарда жашоо кандай өтүп жатканы тууралуу айтып берди.

АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын администрациясына грин-карта берүү шарттарын күчөтүүгө уруксат берди. Эми Америка администрациясы туруктуу жашоо үчүн уруксат берүүгө жаңы эрежелерди киргизе алат.

Кошмо Штаттар Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы аскердик чабуулдарга тынчсыздануусун билдирип, атышууну токтотууга чакырды. Мамлекеттик катчы Майк Помпео 27-январдагы билдирүүсүндө Идлибде аба соккуларынан жана кургактагы аскерлердин чабуулдарынан улам «жүз миңдеген» жайкын тургундар гуманитардык кризиске кабылганын, алардын айрымдары коопсуз жайга чыга албай калганын белгиледи.

Маморгандар фактыларды көз көрүнөө көз жаздымда калтырып жатышат. Такталбаган маалыматтарга ылайык кенде каза тапкандардын жакындары үндөбөө үчүн жарым миллион доллардан алышкан

Бишкек, "Саясат.kg". Жогорку Кеңеште ачуу чындыкты айтып, курч маселелерди көтөрүп, Өкмөттүн кемчиликтерин бетке айткан саналуу депутаттар болсо, алардын бири – Рыскелди Момбеков. 

Эркек адамдар анын апасына келип, милициядан арызын алууну суранышкан

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети КР Өкмөтү менен Чехия Өкмөтүнүн ортосундагы ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаров жатак абагына которулбайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкектеги маалымат жыйында Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүм аткаруу жана атайын эсеп бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Термечиков билдирди.

Бүгүн, 28-январда Биринчи Май райондук сотунун имаратында кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча соттук отурум өтмөк. Бирок отурум жактоочулардын келбей калгандыгына байланыштуу жылдырылды.

Ош шаарында жолбун иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу күн сайын калаадагы жолбун иттер атылып жатат. Аларды жок кылуу  «Ош- тазалык» ишканасынын негизги иштеринин бири. Мындай пикирин аталган ишкананын диспетчери Айбек Жолдошев «Марал» радиосуна билдирди.