Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма сөз кызматы билдирет.
Бул келишим Кыргызстан менен Чехиянын салыктык мыйзамдарында бири бирине карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл. Ошондой эле, эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөдө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүнүн бирдиктүү формасы болуп саналат.
Эске салсак, Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Чехиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү быйылкы жылдын сегиз айына карата 4 млн 200 миң доллардын тегерегинде болду.
Булак: Кабар