Жамактап, уйкаштырып сүйлөгөндүгү жагынан алдына ат салдырбайт. Ушул сапаты менен элдин элегинен өтүп, назарына илингенин танууга болбойт. Интернет айдыңындагы видеолору көрүмдүүлүгү жагынан да алдыда жүрөт. Анысы менен мактанып, рейтинги үчүн корстон болуп жүрөрүн аны жакшы билгендер  айтышат. Болсун! Саясий чөйрөдөгү рейтингине, социалдык тармактардагы популярдуулугуна ичи тарлыгыбыз деле жок. Болгону Рыскелди мырзанын айрым учурларда интернеттеги  рейтингди кубалап, калпты чындай айтып, маалыматтарды бурмалап, популизмге алдырып ийип атканын айтайын дедик.  

Алсак, өткөн жумада ал Салык кызматы  планды аткара албаганын, 2017-жылга чейин Түркияда өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити өлкөдөн 6 млрд. сомдон ашык акчаны  чыгарып кетип, ал акчанын салыгы да жыйналбаганын айтып, ал үчүн Салык кызматынын бүгүнкү башчысын жөөлөп өттү.  Бирок Рыскелди мырза  минтип айтууда эмнеге таянганын түшүнө албай башыбыз маң. Себеби, биринчиден, буга дейре 2019-жылы салык жыйноо 100 %га, же 10,8 млн. сомго көп аткарылганы расмий айтылды. Өткөн жылы дээрлик 84 млрд. сом жыйналган болсо, бул жылы 93 млрд. сом жыйноо планы коюлуп, Мамлекеттик салык кызматы планды аткарууга катуу киришти. 2020-жылдын планы да  аткарыларынан  шегибиз жок.

Экинчиден, 2017-жылы Саймаити тарабынан чыгарылган акчага Салык кызматынын кандай тийешеси бар? Анча болду, чындыкты туу тутар депутат 6 млрд. сомдон ашык акча качан, кимдин бийлиги учунда чыгарылып кеткенин, ага кимдер жол бергенин да айтып койсо, калыстык кылган болор эле... Бирок  чыныгы күнөөлүүлөр тууралуу ооз ачпай, анан ага Салык кызматын күнөөлөгүсү келгени жумшай айтканда, популизмдик болуп атпайбы. Же Рыскелди Чыныбекович уйкаштырып, койгулаштырып күпүлдөй берсем эле чындык болот, эл ишене берет деп ойлойбу?

Ушундан  улам депутаттын мындай “жоругунун” төркүнүнө  кызыгып көрүп, бир ойго кептелдик. Дегенибиз, буга чейин айрым аткаминерлердин Момбековдун “өтүнүчүн” аткарбай коюшса, балээге калышарын, кенедей эле жабышып алып максатына жетмейинче сындап жатып каларын  айткандарын эшиткен жайыбыз бар. Тар чөйрөдө көтөргөн маселелерде өзүнүн кызыкчылыктары болору айтылып келет “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” демекчи, бул айтылгандарга ишенсек, анда Рыскелди мырза  ушундай ыкма менен жеке иштерин бүткөрүп, маселелерин чечүүнү жазылбаган эрежеге айландырып алган болуп калабы?

Рыскелди мырза, Жогорку Кеңешке сиздей депутаттар өтө керек. Сиздейлер чындыкты айтып, Өкмөттү өмгөктөп, бийликти тизгиндеп турбаса да болбойт. Ансыз да бүгүнкү Жогорку Кеңеш “күнкарамадан” айырмасы болбой калды. Келерки чакырылышта да депутат болуп шайланып, аткаруу бийлигинин маңдайына чыккан чыйкан болушуңузду каалайбыз. Бирок чындыкты биринчи орунга койсоңуз, популизмден, маалыматтарды бурмалоодон, бир тараптуу болуудан  алыс болсоңуз. Сиз Жогорку Кеңешке өз иштериңизди бүткөрүү үчүн эмес,  биринчи кезекте элдин үнүн бийликке жеткирип, көйгөйлөрдү көзгө сайып көрсөтүп, чындыктын, акыйкаттыктын жарчысы болуу үчүн керексиз.

Элдин назарына бат илингениңизден ашкере пайдаланбаңыз. Элдин назарынан калуу деген нерсе да бар экенин унутпай жүрсөңүз, Рыскелди Чыныбекович!

Айдос Джуманазаров