Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесаревдин журналисттерге билдиргенине караганда, отурумга өзү жана Абдухалим Раимжановдун жактоочусу келген эмес.
«Бүгүнкү отурумга мен жана Раимжановдун жактоочусу кечиримдүү себептер менен келе албай калдык. Андыктан соттук отурум 30-январга жылды», деди жактоочу.
Биринчи Май райондук сотунун өндүрүшүндө «Коррупция» беренеси менен айыпталып жаткандар мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева, ЖАМКнын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов.
Булак: Saat.kg