Анын айтымына караганда, Жапаровду которууга мыйзамдуу негиз жок. «2020-жылдын 6-февралында атайын комиссия аны которуу маселесин карап чыгат делген маалымат чындыкка дал келбейт», - деди ал.

Буга чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы С.Жапаров оор берене (барымтага алуу) боюнча айыпталып жаткандыктан аны которуу мүмкүн эмес экенин билдирген.


2019-жылдын 30-апрелинде Жогорку сотто Садыр Жапаровдун иши каралган. Анда экс-депутаттын жазасы кыскартылганы айтылган. Тактап айтканда, 11 жыл 6 ай мөөнөттөгү жаза 10 жыл деп кыскартылган. Ал 2017-жылдын 25-мартынан бери камакта.

Садыр Жапаровго карата Кылмыш-жаза кодексиндеги 227-берене (барымтага алуу), 113-берене (өлтүрөм деп коркутуу), 341-берене (бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 234-берененин (бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымта уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.

Булак: Баракелде