Ак үйдөгү интригилардан тажадыбы же өзү айткандай чындап эле чарчадыбы, кыскасы өткөн жумада Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазышы бийликтегилерге да, коомчулукка да күтүлүп-күтүлбөгөн жаңылык болду.

Бишкек, «Саясат. kg». БШК Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратты.

Бишкек, «Саясат. kg». Премьер-министр Сапар Исаков кыргыз-казак чегарасындагы кырдаал тууралуу талкуу боло турган Улуттук кызматтык клубунун жыйынына келе албады.

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз-казак чек арасындагы абалды парламентте бүгүн талкуулоо сунушу айтылды. КСДП фракциясынан депутат Улан Примов бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бул маселени өкмөттү чакырып талкуулоо керек деп айтты.

Өлкөбүздүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы далай пара алган чиновниктерди кармап, сот жообуна тарткан менен мектептердеги окуучулардан акча чогулткан коррупциялык көрүнүштү тыя албай койду.

30-октябрда Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай багыты боюнча автомашина менен алгачы жүк ташуу башталды. Жүк Кыргызстандын Ош шаарындагы “Достук” чек ара бекети аркылуу өтөт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 15-октябрдагы жыйынында президенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланып, шайлоо өттү деп табылды. Боршайком төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоону өттү деп жарыялап, элди жаңы президенттүү болушу менен куттуктады.

Кетерине туура бир ай калган президент А.Атамбаевдин 30-октябрдан тартып кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алышы коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда.

Мүйүз-мүйүз, далай музду сүзөсүң гой...

Туңгуч президент Аскар Акаевдин сүймөнчүк кадрларынын бири болгон, айыл чарба министри, губернатор, вице-премьер-министрлик кызматтарга чейин жеткен Бекболот Талгарбеков азыркы бийликтин, президент Алмазбек Атамбаевдин каргышына калып, учурда УКМКнын абагында жатат.

 

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин расмий Москва Казакстандын латын арибине өтүү тууралуу чечимин “өлкөнүн ички маселеси” деп биле турганын маалымдады. Бул тууралуу ал "Россия-24" телеканалына берген маегинде айтты.

Ооганстандын башчысы Ашраф Гани жакын арада бир катар меморандумдарга кол коюу үчүн Өзбекстанга барат.

Украинанын Антикоррупциялык бюросу ички иштер министри Арсен Аваковдун уулу Александр Аваковду кармады.

АКШнын Нью-Йорк шаарынын Төмөнкү Манхэттен аймагында жүк ташуучу автоунаа велосипед тебүүчүлөрдүн атайын жолуна качырып кирип барып, бир нече кишини тебелеп кетти.

Кыргыз өкмөтү өлкө жарандарына чек арага жакын аймактарга кирүү жана жүрүү үчүн уруксат берүүнү кароо мөөнөтүн кыскартты.

Ашхабаддын жол полициясы унаа салонуна салттуу амулет жана тумарларды, оюнчуктарды тагууга тыюу салды. Тартипке баш ийбегендерге 50 манат өлчөмүндө айып пул салынууда.

Казакстандын бийлиги бир айга жетпеген убакыттын ичинде Кыргызстандан барган бир нече миң автоунаа текшерилип, жүздөгөн мыйзам бузуу учурлары аныкталганын билдирди.

Өкмөт кыргыз-казак чек арасындагы абалдан улам зыян тартып жаткан жергиликтүү бизнес өкүлдөрүн колдоого багытталган токтом кабыл алды. Бул тууралуу 30-октябрда премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Бишкек, «Саясат. kg». Кыргызстанда күйүүчү май кымбатташы мүмкүн.