Мындан тышкары ал Гүлзат айымды 5 миллион сом доого жыкты.
Талант мырзага байланышканыбызда ал Гүлзат Мамытбек менен эмнеге соттошуп жатканын мындай түшүндүрдү.
"Гүлзат 1 жылдан бери тынчымды алып, балдарыбызды өзүнө алуу үчүн кайра-кайра сотко берди. Кадыр-баркыма шек келтиргендиги үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылгам. Биринчи процесске экинчи тарап келбей койгондуктан отурум 19-февралга калтырылды.
Ал эми каражат боюнча айтсам, 5 миллион сомдун мага кереги жок. Сот андай ири суммадагы каражатты өндүрүп бербейт, 5 миллиондун канча пайызын эле төлөтүшү мүмкүн", - дейт ал.
Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкулов расмий түрдө 2016-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч баласы бар. Уулусу Талант мырза менен, экөө ырчы менен калган.
Булак: super.kg