Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришти.
«Кең-Булуң — унаа жолу» жана «Токмок — унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пункттарында Казакстандан Кыргызстанга келген жүргүнчүлөр көбөйдү (аялдар жана балдар). Муну менен катар эле эч кандай окуя же жаңжал болгон жок.
«Өткөрмө пункттар, ошондой эле Чек ара кызматынын кыргыз-казак чек арасындагы бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантып жатат», - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Кордай районунун Масанчи айылында жашоочулар арасында жаңжал чыгып, ал массалык баш аламандыкка айланганы тууралуу маалымат тараган. Мессенжерлерге тараган билдирүүлөр боюнча, жаңжал улуттар ортосунда чыккан.
Масанчи айылы Кыргызстандын чек арасынын аймагында жайгашкан. Аталган айыл менен Токмок шаарын Чу дарыясы бөлүп турат.
Булак: Баракелде