Алардын ичинен үч айыпталуучу же Кой-Таштагы “элдик штабдын” башчысы Кыяс Смаилов, штабдын мүчөсү Амантур Жамгырчиев, Мамлекеттик “Дан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алга Кылычев  тергөө органдары менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүшкөндүгүнө  байланыштуу алардын иштери өзүнчө бөлүнүп, карала турган  болгон. Ал эми АША баш болгон калгандарынын иштерин  кароо айыпталуучулардын жана алардын адвокаттарынын оюндарынан улам создуктурулуп келүүдө.

Сот айыпталуучуларга жана алардын адвокаттарына кылмыш иштери менен таанышууга 1-февралга чейин таанышып бүтүүгө убакыт берсе, алар кылмыш иштеринин көлөмүнүн  көптүгүнө шылтап, аны аткарышпады. Эгерде алар таанышууну ушундай темпте улантыша берсе, алардын ушул айдын аягына чейин да таанышып чыгуулары күмөн. Чындыгында тергеп-тескөө иштерине башынан аягына чейин катышып келаткан адам үчүн кылмыш иштери менен таанышуу - көп жагынан формалдуу эле процедура. Өзүнүн же жактоочусунун эмнелер боюнча айыпталып жаткандыгын, тергөөнүн ар кайсыл  этаптарында тергөөчүлөр алдын ала кандай жыйынтыктарды чыгаргандыгын билбеген да айыпталуучу же жактоочу болчу беле. Бирок, адам укугу баарынан бийик жана ыйык, мыйзамда көрсөтүлгөн процедуралардын бардыгы кыйшаюсуз сакталышы керек. Биздин оюбузча, Кой-Таштагы окуялар  боюнча айыпталып жаткандар соттун ишине саботаж кылуу же атайын алдын ала макулдашылган максаттын негизинде кылмыш иштери менен таанышууну создуктуруп жатышкандай сыяктанат.

Ачыгын айталы, бул соттук иштердеги алмустактан бери эле кеңири колдонулуп келаткан практика. Адегенде алар кылмыш иштери менен таанышууну алдары жеткиче создуктурушат, айрым жерлерине макул эместиктерин билдирип, кошумча түшүндүрмөлөрдү талап кылышат. Ал оюндар аяктагандан кийин  бир күнү айыпталуучулардын бири ооруп калат, экинчи жолу андай “сасык тумоого” жактоочу туш болот же анын дагы бир соттук кароодо иши болуп калат. Анан бата-сата дегендер бар... Эгерде адвокат менен айыпталуучу сүйлөшүп алып, соттук кароону мүмкүн болушунча создуктургулары келишсе, демократиялык өлкөлөрдө андай шылтоолор табыла берет.  Маселен, өткөн жумада Сапар Исаковдун жактоочусу З.Жоошев процесске жөн эле келбей койгондуктан соттук кароо киийинкиге калтырылды. Андан мурда А.Атамбаев менен С.Исаков бир нече ирет сотко келүүдөн баш тартышып, соттун чечими менен күчтөп алып келишсе, машинеден түшпөй, ал жерден залга алып киришсе, сүйлөбөй коюшкандыгын жакшы билебиз. Судьянын суроолоруна жооп бербей койгонго, анан чечим чыккандан кийин бизге сырттан өкүм чыгарып салган деп арызданганга  да алардын укуктарында бар.

Мындай спекталдер менен алар биринчиден, коомчулуктун көңүлдөрүн буруп, айрымдардын бүйүрлөрүн кызытып, жаздагы саясатты активдештиргилери  келишсе, экинчиден ачыктан ачык эле СИЗОдо отурган убактыларын узарткылары келип жатышат. Анткени, жогоруда айтылгандай, оор беренелер менен айыпталгандардын айып пулдар же башка жеңил жазалар менен кутулуп кетиши мүмкүн эмес. Соттук кароолорду канчалык создуктурушса, ал ошончолук өздөрүнө гана пайда берет. СИЗОдогу ар күн өкүмдөн кийинки 2-3 күнгө эсептелет. Бир жагынан айрымдар мөөнөттөрүнүн көбүн СИЗОдо эле өтөп алгылары келип жатышса, экинчилери зоналарга эртерээк  баргандан жүрөкзаада болушууда. Ал жердегилер кайра башынан соттук кароо уюштуруулары, капчыктуулардан тыйын-тыпырлардан бөлүштүрүүнү талап кылышы  да ыктымал.

Бирок, канчалык узун болсо да аркандын учу болот дегендей, соттук процесстер канчалык создуктурулбасын, ал да аягына чыгарылып, ар кимиси күнөөлөрүнө жараша өз жазаларын аларынан шегибиз жок.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.