Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Үрүмчү шаарындагы консулдуктун кызматкерлери мекендештерге ар тараптуу жардам көрсөтүүдө. “Бул маселе чечилди. Алар Кыргызстанга кайтышууда”, - деп билдиришти ТИМден.

Эскерте кетсек, буга чейин ЖМКда коронавирустун айынан кыргызстандык 7 айдоочу Кытайдын чек арасында кармалып тургандыгы жана алардын тамак-ашы жок калгандыгы тууралуу маалымат чыккан.

Булак: Кабар