Бул сынды уккандан кийин ошол чиновниктер эмне кылышы керек?
- Коопсуздук кеңешинде президент С.Жээнбеков чоң жетекчилердин дарегине абдан катуу сын айтканына баардыгыбыз күбө болдук. Өзүңө жакында эле берген интервьюларымдын биринде “президенттин командасы бар, бирок, көп багыттарда ырааттуу иш алып бара албай жатат”- дедим эле. Буга толук негиз бар экендигине элдин, коомчулуктун маанайы, пикири, экономикадагы, саясаттагы, күнүмдүк жашоодогу көрүнүштөр, жогорудагы президенттин сөзү толук далил.
Сын жеген жетекчилер өздөрү тыянак жасап, кызматтарын өткөрүп беришпейт. Анткени, алар өзүнүн жумушуна сын көз караш менен карап, баа берүү дегенди билишпейт. Ал кызматтарга өзүнүн иш билгилиги, кесипкөйлүгү, адамдык жогору сапаттары менен эмес, тааныш-билиш, табакташ дос, куда-сөөк, бизнес өнөктөш принциптери менен тандалып барышкан.
Ошондуктан президент айткан сын-пикирдин аларга тиешеси жоктой, былтыйып отура беришет. Коррупция менен күрөшүүдө Сооронбай Жээнбеков жалгыз. Эл жана коом ага колдоо көрсөтпөсө, тыянагы оор болот.
- Февраль айында болчу Элдик курултай ишин жыйынтыктайбы же мындан да күчтөнөбү?
- Эгемендүүлүктү алгандан бери абдан көп курултайлар өттү. Аларды коомдук бирикмелер, саясий уюмдар, жарандык коомдор жана башка күчтөр да уюштуруп жүрүштү. Бирок, биздин азыркы Элдик курултайдын Аткаруу комитети жүргүзүп жаткан иш мурункулардан бир топ айырмаланат.
Биринчиден, биз 2018-жылы Курултайды уюштуруп  жатканда саясий уюмдарды, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана улутчул мекенчил багытта жүргөн күчтөрдү бириктире алдык.
Экинчиден, Курултайда мамлекет, эл жана коом үчүн эң көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, талкуулап, алар боюнча чечим кабыл алып, жалпы колдоого алынууга жетиштик.
Үчүнчүдөн,  Элдик Курултай кабыл алган чечимдер КР Президентине, Жогорку Кеңешинде, Өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик мекеме-уюмдарга жиберилип, анын көпчүлүк талаптары бүгүнкү күнгө карата аткарылды. Бул жөнүндө биз коомчулукка, элге дайыма маалыматтарды берип турдук.
Төртүнчүдөн, Курултайдын Аткаруу комитети өзүнүн ишин бекитилген иш пландын негизинде, системалуу түрдө алып барып жатат.
Ошондуктан биздин 8-февралда өтө турган Курултайыбыз кезектеги, пландаштырылган иш чара. Мындан ары ишибизди жигердүү улантаарыбызга эч кандай шек жок.
- Курултайдын шылтоосу менен Конституция референдум аркылуу өзгөрүүгө дуушар болуп,  парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун өтөбү? 
 -Элдик Курултайдын эң башкы максаттарынын бири элдик, мамлекеттик, улуттук кызыкчылыкты көздөгөн баалуулуктарыбызга негизделген Конституцияны кабыл алуу.
Ал үчүн сөзсүз конституциялык  реформа, референдум керек. Элдин, коомдун маанайын сезбеген, талабын кабыл албаган парламант мөөнөтүнөн мурун тараса туура эле болот.
- Эл арасында “курултайчылардын соодасы бүттү. Бекназаров элчи болду, Дүйшөбаев “Кыргызстан” партиясына тең төрага болду” деген пикирлер айтыла баштады. Буга не дейсиз?
 - Курултай - атамзамандан бери келе жаткан улуттук баалуулук, элдик башкаруунун эң демократиялык үлгүсү. Кыргызстан өзүнүн жаңы тарыхында орустардын империялык, коммунистердин советтик, батыштын демократиялык башкаруу системаларын башынан өткөрүп, азыркы күндө башынан азап кетпей келе жатат. Кыргыздын тарыхый мурасын, баалуулуктарын, ынтымак, биримдик, акыйкаттык, бирин-бири сактоо принциптерин калыбына келтирмейин келечегибиз күмөн.
“Курултайдын соодасы бүттү” дегендер-манкурттар, саясий соодагер-сойкулар. Ата бабабыздан калган баалуулук кыргызды сактап калат, ага эч кандай душмандардын алы келбейт.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.