- Медербек мырза, президенттин айрым Ак үй аткаминерлеринин дарегине Коопсуздук кеңешинин жыйынында: “иштей албасаңар арыз жазып кеткиле” деген сөзү таасир этип, өз ыктыяры менен кызматтан кеткендер болот деп ишенсек болобу?

- Өздөрүнүн милдетин түздөн-түз аткара албаган аткаминерлер, биринчиден өздөрүн, экинчиден, элди кыйнабай токтоосуз кызматтан кетиши абзел. Бирок, алар эч качан өз ыктыяры менен кызматтан кетишпейт. Тагыраак айтканда, өздөрү арыз жазып, кызматтан кетүүгө кудурети жетпейт деп эсептейм. Анткени, азыркы учурда көпчүлүк аткаминерлердин баалуулугу байлык менен бийлик болуп калган. Эң өкүнүчтүүсү, алар аброй менен ар-намысты - бийлик менен байлыкка алмаштырып салышкан. Ар бири өздөрүнүн эле кызыкчылыгын ойлошуп, мамлекеттин жана элдин жашоо деңгээлинин көтөрүлүшүн ойлобой калышкан. Мындай жагдайда ажобуз өзү аткарган жана аткарбаган жумуштарына баа берип жыйынтык чыгарыш керек. “Убакыт учкан куш” дегендей, ажобуз кадр маселесине тез көңүл буруп, чыныгы мамлекет жана эл үчүн иштей турган патриот инсандарды алып келип, кадрлык кризистен чыкпаса, экономикалык жана социалдык абал көтөрүлбөйт. Мындай учурда бир гана элдин эле шору болуп калат.

- Ичимдик ичип алып машине сүзгөн соттун кызматтан четтегени туура эле болдубу же анын да укугу бузулдубу? 

- Мамлекетибиз укуктук талаада болсун десек, ар бир жаранга мыйзам бирдей иштеш керек. Жооптуу кызматты аркалагандар өздөрү мыйзамды бузмак турсун, коомго үлгү катары болушу милдеттүү. Ал эми судья, ошол эле жол коопсуздугун бузган жарандардын кыймыл аракетине баа берип, жазага тарткан кызматкер катары, өзү жол коопсуздугун бузуп, коомго терс көрүнүштү көрсөткөндүгү  - бул анын кечирилгис кыймыл-аракети. Анын кызматтан четтетилишин туура эсептейм.

- Кыргызстандагы саясатчылардын бири “революция мамлекетти талкалады” десе, экинчиси “революциянын жардамы менен элибиз саясий эркиндикке ээ болдук” дешет. Сиздин көз карашыңызда революциянын пайдасы көбүрөөк болдубу же  зыяныбы?

- Менимче эки революциядан кийин мамлекетте эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Баардык тармактарда коррупция гүлдөп өсүүдө. Айрыкча сот системасы Ак үйдүн буйруктарын түздөн-түз аткарып, саясий кугунтуктоолор күчөөдө. Соттор мыйзамдуу чечим кабыл алышпай, көпчүлүк учурда саясий чечимдерди кабыл алышууда. Президентибиз С.Жээнбеков Коопсуздук кеңешинде коррупция менен катуу күрөшүү боюнча эн туура маселени көтөрүп чыкты, мен аны толугу менен колдойм. Ушул актуалдуу маселени президентибиз аягына чыгарат деген үмүттөмүн. “Айтылган сөз, атылган ок”.

Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.