Бишкек, «Саясат. kg». Депутаттын инисин өлтүргөн деген шек менен жаран кармалды.

Орусиянын президенти Владимир Путин 2018-жылы мартта өтө турган шайлоого расмий түрдө талапкер катары көрсөтүлдү. Демилгечи топтун Москвадагы жыйынына 600гө жакын киши катышты.

Бишкекте бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү итке кыргыздын калпагы кийгизилген көргөзмөнүн уюштуруучуларына айып пул салууну талап кылышты.

Бишкек, "Саясат. kg". Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенти премьер-министр Сапар Исаковго суроо узатып жатып, аны өзбек президенти Шавкат Мирзиеевдей иштөөгө чакырды.

Бишкек, «Саясат. kg». Интернетке «Дордой» базарында сатылып жаткан жаш балдарга арналган оюнчуктардын фотосу жайгаштырылды.

Бишкек, «Саясат. kg». 2018-жыл президент жана өкмөт үчүн убадаларды аткаруу жылы болот.

Бишкек, «Саясат. kg». Бишкек шаарында жаш жигит кафенин сейфинен уурдаган акчасына эки автоунаа сатып алган.

Бишкек, «Саясат. kg». Аба ырайынын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу убактылуу жабылууга кабылган Бишкек-Ош жолу ачылды.

Бишкек, «Саясат. kg». Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы дайындалган чиновниктер абийирдүүлүк менен иштөөгө ант беришти.

Украинанын башкы прокурору Юрий Луценко өлкөнүн мурдагы президенти Виктор Янукович жана анын айланасындагы кишилерден өлкө бюджетине дагы 5 млрд гривен кайтарылганын жарыялады. Бул тууралуу Луценко украин телеканалына берген маегинде билдирди.

 

Москвадагы «Меньшевик» фабрикасынын аймагындагы атышуудан бир киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. РИА-Новости агенттиги ишкана аймагында адамдар барымтага алынгандыгын дагы кабарлоодо.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын «Известия» басылмасына берген маегинде Кыргызстандын тынчтык орнотуучуларынын Сириядагы согуштан кийинки абалды жөнгө салуу иштерине ыктымал катышуусу боюнча пикирин билдирди.

Сөз эркиндигин коргоо комитети жылды жыйынтыктап, айрым адамдарга какшыктуу сыйлыктарды тапшырды.

Чүй облусунун Кегети айылында жайгашкан Исаев атындагы орто мектептин 7-8-классында окуган 50 окуучу генератордон чыккан түтүнгө ууланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкек, «Саясат. kg». «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаев да АКШнын көзөмөлүнө алынды.

Бишкек, «Саясат. kg». 23 жаштагы айдоочу кыз мас абалында автоунааны башкарып баратып, жол кырсыгын жаратып, андан 4 адам каза тапкан.

Бишкек, «Саясат. kg». Москва шаарында короо шыпыргыч болуп иштеген кыргызстандык кырсыктан улам көз жумган.

Бишкек, «Саясат. kg». Айрым маалыматтарга таянсак, бир генерал генералдык чининен ажыраптыр.

Түркмөнстанда жаныбарлардын укугун коргоо менен алектенген активист Галина Кучеренко 15 сутка камакта жаткандан кийин 22-декабрда эркиндикке чыкты. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына анын жакындары кабарлашты.

Бишкек, «Саясат. kg». Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстанга расмий сапар менен барат.