Бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Coциалдык маселелер, билим беруу, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде алимент тууралуу долбоор талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 26-январда Чүй облусунун аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Модини жана Индия элин улуттук майрамы — Индия Республикасынын күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

«Түндүк электр» ачык акционердик коомуна жаңы имарат алуу үчүн тендер өтөт. Бул маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында 24-январда жарыяланды.

Кытайда чыккан коронавирус дарты Австралияга чейин жетти. Виктория штатынын бийлиги жаңы вирус катталганы (1 адам) тууралуу маалыматты 25-январда тастыктаганын «Deutsche Welle» басылмасы жазды.

Орусия Сингапурдун жолу менен дүйнөгө экономикалык сыйкырдуу бурулуш алып келиши мүмкүн. Мындай оюн даниялык тарыхчы жана журналист Йенс Йорген Нильсен билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Жарандардын өтө маанилүү маселелерин чечүү жана экономиканын деңгээлин көтөрүү - бул өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү артыкчылыктуу багыт. Коюлган милдеттерди аткарууда мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери бизге зор жардам көрсөтүшөт, деп билдирди премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин жыл сайын өтүүчү жыйынында.

Кытайдын Ухань шаарында февраль айында боло турган бокс боюнча лицензиялык турнир токтотулду. Буга аталган шаарда вирустун жаңы түрүнүн пайда болгону себеп болгонун уюштуруучулар билдирди.

2019-жылы жолдорду куруу, кайра куруу, капиталдык жана орточо оңдоп-түзөөнүн жалпы көлөмү инвестциялык долбоорлорду эсепке алуу менен 418,8 чакырымды түздү.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразиялык экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

«Акыркы эки жылда Коопсуздук кеңеши ынындыруу ыкмасы менен иш-аракеттерди жүргүзүп, чечимдерди ишке ашыруу зарылдыгын эскертип келген.

Кечээ 24-январда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) шашылыш билдирүү таратты. 2020-жылдын 26-январынан 28-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (ЭККМК) Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери күйүүчү-майлоочу материалдардын мыйзамсыз сатылып жаткан түйүнүн аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Социалдык фонд «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутумуна кошулбай, өз алдынча коммерциялык түзүм түзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев кеңештин кезектеги жыйынында билдирди.

Бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылып: «Силерге коррупционерди кармап беришти, силер болсо аны коё бердиңер», - деди.

22-январь күнү Орусиянын Челябинск-Троицк трассасынын 117 чакырымында жол кырсыгы болуп, анда 5 адам каза болгон. Бул кырсык боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 24-январь күнү билдирди.

Оштун Алай районуна көчүп келип, Харыбек Алимсеитов мектебинде сабатсыздыгын жоюп жаткан памирлик кыргыздар үчүн окуу китептери тапшырылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн, 24-январда саат 13:09да Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Республиканын Сейсмология институту маалымдады. Ага ылайык Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.