«Бүгүн республика эркин экономикалуу жана жарандык коом институттары өнүккөн демократиялык, укуктук мамлекетти куруу жолунда бара жатат. Белгиленген максаттарга жетүүнүн үстүндө мамлекеттик кызматкерлер гана иштеп жатышкан жок. Башталган процесстердеги өтө олуттуу маселелерди чечүүдө министрликтерге жана ведомстволорго кайтарымсыз жардам көрсөткөн мамлекеттик органдардын коомдук кеңештеринин мүчөлөрүнүн ролу чоң. Бир нече жыл мурда коомдук кеңештер институту министрликтердин жана ведомстволордун ишине тоскоолдук кылат деп эсептеп, аларды түзүүгө көптөр каршы чыгышканы ар бириңиздердин эсиңиздерде болсо керек. Бүгүн таптакыр башка көрүнүштү көрүп турабыз. Коомдук кеңештер институту аркылуу жарандар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеткире албай келген көптөгөн маселелер аныкталат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Премьер-министр өз сөзүндө экономикалык көрсөткүчтөргө токтолуп, алар жарандык коом менен биргелешкен иштердин натыйжасында жетишилгенин белгиледи.
«Эки жылдын ичинде ички дүң продукциянын көлөмүн 70 млрд сомго көбөйттүк. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча ички дүң продукциянын өсүшү 4,5%ды түздү. Быйыл биз 5% деңгээлге жетүү максатын койдук. Биз өз ишибизде өлкөнүн өндүрүштүк дараметин өнүктүрүүгө зор көңүл бурабыз. Акыркы мезгилде 477 жаңы ишкана ачылды. Анын 20сы ири болуп саналат. Эгерде биз бул багытты өнүктүрүү жолу менен барсак, анда Кумтөр кенинин ишинен көз каранды болбой калабыз. Ошону менен бирге, белгилей кетүүчү нерсе, учурдагы маанилүү милдет 260 млрд сомду түзгөн тышкы карызды жоюу. Тышкы карыз боюнча төлөмдөрдүн жогорку чеги 2025-жылга туура келет. Анда 400 млн доллар төлөө керек. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча биз 7,7 млрд сомду үнөмдөй алдык. Мындай жыйынтыктар тышкы карызды төлөө маселесин чечүүнү жеңилдетет», - деп баса көрсөттү премьер-министр.
Өкмөт башчы белгилегендей, финансылык милдеттерди чечпестен, социалдык маселелерди чечүү кыйын болот.
«Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, финансылык маселелерди бардык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү аркылуу гана чечүүгө болот. Бүгүнкү күнү көмүскө экономиканын деңгээли кээ бир тармактар боюнча 50% түзөт. Салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүү көмүскө экономиканын деңгээлин бир кыйла кыскартат. Мында калкка биз жүргүзүп жаткан саясатты түшүндүрүүдө коомдук кеңештердин өкүлдөрүнүн үнү маанилүү роль ойноого тийиш», - деп белгиледи ал.
Булак: Баракелде