Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, премьер-министри жана Дубайдын башчысы Улуу Даражалуу шейх Мохаммед бин Рашид Аль Мактумга ишеним грамоталарын расмий тапшыруу аземине катышты.

КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолукту.

Ош шаардык спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев Төлөгөн Рахманберди уулунун прездентке кайрылуусунда негиз жоктугун, бирөөнүн кызыкчылыгы экенин айтып чыкты:

Социалдык тармактарда «Ошто, түштүк жергесинде Матраимовдордун кланынан коркуп жашап калдык» аттуу президентке видеокайрылуу таркады.

Бизден улуу муундагы кыргыздардын биринин оозунан да дунганды жаман деген сөз уккан эмеспиз.

Анда мындай, коронавирусту айтпаган, жазбаган, коркутпаган киши калган жок

2020-жылдын 12-февралында Афины шаарынын Президенттик сарайында Греция Республикасынын Президенти П.Павлопулоско Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана айкалыштырып иштөө менен Греция Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Джекшенкуловдун Ишеним грамотасын тапшыруу аземи өттү.

Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев аны Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кылып дайындашты делген маалыматты четке какты.

Президенттик аппаратда эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок.

Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда Курсан Асановдун ишине байланыштуу алгачкы соттук жыйын өттү.

Экс-депутат Ширин Айтматованын жолдошу Сыргак Кенжебаевдин камакта кармалуу мөөнөтү узартылды.

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык сотунда белгиленген баш калаанын мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун апелляциялык даттануусу боюнча отурум башка күнгө жылдырылды.

Ош шаардык салык кызматынын башчысы Эрмек Чоюнов ээлеген кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад шаардык салык кызматын жетектей турган болду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Люксембургдун тышкы жана европа иштери боюнча министринин чакыруусу менен алгачкы ирет Люксембурга иш сапары менен барды.

КСДП саясий партиясынын мүчөлөрү Москва шаарына барышты.

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова президенттик шайлоодон кийинки эки жыл аралыгында шайлоочулардын тизмеси 300 миң адамга өскөнүн айтты.

Бишкек мэриясынын алдындагы Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова ээлеген кызматынан кетти.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархат Баабиев УКМКнын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө жооп кайтарды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов кызматынан кетти.

Жеке булактардын маалыматына ылайык, президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси бүгүн эле Мамкаттоонун жамаатына тааныштырылат