Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев аны Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы кылып дайындашты делген маалыматты четке какты.
«Мен эч нерсе деп комментарий бере албайм. Анткени мындай маселе болгон жок жана күн тартибинде дагы болгон эмес», - деп жооп берди ал.
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов кызматынан бошотулганын өкмөттөн билдиришкен.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. А.Мамбетов бул кызматка 2019-жылдын 19-апрелинде дайындалган болчу.
Алмаз Мамбетов буга чейин Балыкчы шаарынын мэри (2016-жылы 25-майда шайланган) болуп иштеген. Мамлекеттик каттоо кызматын А.Мамбетовго чейин Шаикова Алина Кавылбековна жетектеп келген.
Булак: Баракелде