КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Румыниянын тышкы иштер министри Богдан Ауреску менен жолукту.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, жолугушуу 2020-жылдын 15-февралында Мюнхен шаарында өткөн.

Жолугушууда приоритеттер жана ушул жылда кызматташуунун планы талкууланды. Тараптар эки тараптуу иш чаралардын графигин карап чыгышты, экономикалык блокко жана келишимдик-укуктук базаны кеңейтүүгө маанилүү көңүл бурушту.

Ч.Айдарбеков Румыния делегациясын 2020-жылдын жайында КРда өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Өз кезегинде, Румыниянын ТИМ башчысы Бухарестке расмий сапар менен келүүгө Ч.Айдарбековду чакырды.

Булак: Кабар