Президенттик аппаратда эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Эске сала кетсек, айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп, анын ордун Кубатбек Боронов ээлейт деген маалымат чыккан.
«Бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратында эч кандай кадрдык өзгөрүүлөр болгон жок», — деп белгиледи Т.Стамалиева.
Булак: elgezit.kg