Мамлекеттик каттоо кызматынын жаңы төрагалыгына президенттик аппараттын учурдагы жетекчиси Досалы Эсеналиев дайындалат. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына өздүк булактар билдирди.

Белгилүү болгондой, Эсеналиев бүгүн эле Мамкаттоонун жамаатына тааныштырылышы мүмкүн.

Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов бүгүн ээлеген кызматынан бошотулган. Ал бул кызматка 2019-жылдын 19-апрелинде дайындалган.​

Булак: VESTI.KG