Процессти судья Адис Момуналиевдин төрагалык кылууда. Соттук отурум адвокаттардын келбей калгандыгына байланыштуу өткөн эмес.

Эске сала кетсек, Мамлекеттик Бажы кызматынын мурдагы төрагасы, Бишкектин мурдагы башчысы Кубаныч Кулматов «Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деген айып коюлган.

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

2019-жылдын 23-декабрында Ленин райондук соту Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, 5 млн сом айып салган. Ал сот залынан бошотулган. Ал эми Албек Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: elgezit.kg