Бир суткада Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 173 бейтап кайрылды. Алардын ичинен 110 бейтап жаш балдар экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызстандан Грузияга темир жол аркылуу мазутту экспорттоо башталды.

Ош шаарында алгачкы машина чыгаруучу завод курулууда.

30-январдан 31-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Журналист Эрнис Эшимканов (Асек уулу) дүйнө салды. Бул тууралуу анын санаалаштары билдирди.

Кыргызстанда учурда бетончу, кыш коюучу, шыбакчы сыяктуу курулуш тармагындагы кара жумуштарга көбүрөөк жумушчулар талап кылынып жатат. Алардын маянасы орто эсеп менен 15 миң сомду түзөт.

«Кетсин» деген ураан менен чек ара маселесин чечүүгө болбойт. Бизге тынчтык, ынтымак керек.

Кытайдан оролуп, таңгакталып жөнөтүлгөн (посылка) буюмдар Кыргызстанда кадимки режимде кабыл алынып жатат.

Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды.

Кечээ, 28-январда Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Ж.Кулубаев Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин төрагасы М.Султангазиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

28-январда КРнын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Казахстан менен болгон чек аралардагы санитардык-карантиндик пункттардын ишин текшерди.

Эркек адамдар анын апасына келип, милициядан арызын алууну суранышкан

Ош шаарында жолбун иттер көбөйүп кеткендигине байланыштуу күн сайын калаадагы жолбун иттер атылып жатат. Аларды жок кылуу  «Ош- тазалык» ишканасынын негизги иштеринин бири. Мындай пикирин аталган ишкананын диспетчери Айбек Жолдошев «Марал» радиосуна билдирди.

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүн, 28-январда эртең менен Кыргызстанга Үрүмчү шаарынан 6 кыргызстандык студент келди. Алар Үрүмчү шаарындагы (Кытай Эл Республикасы) Синьцзян университетинде окушат.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусунда, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайы, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында, Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Бизди биздин өлкө эмес, Кытай өзү коргойт»

Учурда, КРнын ИИМнин маалыматына ылайык, коронавирустун очогу болгон Ухань шаарында Кыргызстандан билим алуу үчүн барган 14 студент бар.

Бишкекте "WOE EXPO 2020" аталышындагы билим жармаңкеси өтө турганын шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаровдун респбликанын түштүгүнө болгон иш сапарынын алкагында “Ошэлектр” ишканасында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу “Энергохолдингдин” басма сөз кызматы кабарлайт.