Ишкана 2020-жылдын март айында ишке берилиши мүмкүн. Бул тууралуу "Кыргыз Унаа Курулуш" ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин "Кыргыз Унаа Курулуш" ишканасы жүргүзүп жатат. Өндүрүш ишканасы 3 гектар жерди ээлейт, ал эми заводдун жалпы аянты 16 миң чарчы метрди түзөөрү кабарланды.

Ишкана Ossberger жана Pelton үлгүсүндөгү гидротурбиналарды, шамал-генераторлорду жана электромобилдерди чыгарууну пландоодо.

Заводдо 300дөн ашык жумуш оруну түзүлүп, Түркиядан, Европадан жана Россиядан адистер чакырылат. Ошондой эле 10 жаш кыргызстандык адистер квалификациясын жогорулатуу үчүн Европага жиберилет.

Ишкана кандай жабдууларды даярдай алат:

  • ГЭСтер үчүн жабдуулар
  • дизелдик жана бензин генераторлор
  • шамал генераторлору
  • өндүрүш ишканалары үчүн ар түрдүү станоктор
  • электромобилдерди чогултуу
  • ар түрдүү насостор

Булак: Кабар