Бейтаптар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан. Вирустун себеби жана козгоочусу азыркыга чейин аныктала элек.

Ирандын Ислам революциясынын колдоочулар корпусу аларга каршы согуштук аракеттерди көрүү үчүн аймагын АКШга пайдаланууга берип жаткан мамлекеттерге да жооп катары сокку жасаларын билдирди.

Алгач бортто 180 жүргүнчү баратканы айтылган, кийинчерээк учакта 167 адам болгону туурасында расмий маалымат берилди.

Телефондун заряды көпкө жетип, аппараттын өзүнө зыян келбеши үчүн аны эртең менен заряддаган туура.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев РИА Новости агенттигине маек куруп, 20 жыл мурда жаңыдан өлкө башчылыкка келген Владимир Путин тууралуу айтып берди.

Адис эң узак салат 36 саатка чейин сакталарын айткан. Ал эми консерваланган жана жумуртка кошулган салаттар 6 саатка чейин, балык жана деңиз азыктарынан жасалган салаттар 12 саатка чейин жарамдуу болот.

Изилдөөгө ылайык, популярдуу смартфондордун катарына Oppo A9, A5s жана A5, Xiaomi Redmi A7 менен Huawei P30 да кирген.

1992-жылы тартылган фильмде Трамп өзүн-өзү ойногон. Кичинекей эпизодунда ал башкы каарман, жоголуп кеткен Кевинге жардамдашат.

Америкалык окумуштуулар иликтөөнү тастыктоо үчүн испаниялык кесиптештери менен биргеликте балдары аутизм менен ооруган сегиз эркектин уругун анализдешкен.

Орусиялык теле алып баруучу Лера Кудряцеванын көкүрөгүнө коюлган имплант жарылып кеткен. Натыйжада ага тезинен оор операция жасалып, имплант алынып салынды.  

Танзаниядагы "Янга" — "Иринга Юнайтед" матчында калыстар жана оюнчулар кокусунан жерге жата калып, көрүүчүлөр орундуктарын таштап кете башташкан.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жарыялады.

Учурда дүйнөдө кесибине байланыштуу 389 журналист жана ЖМК кызматкери камакта отурат.

Орусиянын Амур облусунун административдик борбору Благовещенск шаарындагы колледжде студент ок атып, бир киши мерт болду.

Бишкек, "Саясат. kg". Пилдер ачкачылыктан жана кургакчылыктан кырылууда. 

Артист жана теле алып баруучу Максим Галкин Новосибирскте өткөн концертинде орус телеканалдарына совет доору кайтып келгенин, ал эми “оюнда Марсты багындырган” Владимир Путинди орусиялыктар зээриктирип жибергенин айтты.

1-октябрдан тарта Орусияда балкондордо тамеки чегүүгө тыюу салынат.

Казакстандын Айыл чарба министрлиги башка өлкөлөргө мал экспорттоого тыюу салууга ниеттенип жатат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев «Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешин түзүү тууралуу Нахчыван келишимин ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзамга кол койду.

“Бирок ага коридор бере албайбыз. Анткени ортодо Аксай деген айылыбыз бар”, -деди Разаков.