Гонконгдо окумуштуулар коронавируска каршы вакцина ойлоп табышты. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы жазат.

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы 28-январда коронавирусту 5 974 адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди.

Кытайга караштуу Ухань шаарында пайда болгон “коронавирустун” тегерегинде дүйнөнүн бардык бурчунда тынчсыздануулар жаралууда. Биздин өлкө да андан калган жок, кантсе да коңшулаш өлкө эмеспизби.

Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелип ооруканага жаткырылды.

Кытайда коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 5 миң 974 кишиге жетип, 132 адам каза болду. Бул тууралуу Кытайдын саламаттык сактоо мамлекеттик комитетинин билдирүүсүндө айтылат.

Түркиядагы Каппадокия тарыхый аймагына саякатка барган 10 кытайлык турист жана 2 түрк жараны коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды.

Учурда Кытайдын Ухань шаарында билим алып жаткан кыргызстандык студент кыз Азиза Сулайманова "Кабар" агенттигине коронавирус чыккандан кийин шаарда жашоо кандай өтүп жатканы тууралуу айтып берди.

АКШнын Жогорку соту президент Дональд Трамптын администрациясына грин-карта берүү шарттарын күчөтүүгө уруксат берди. Эми Америка администрациясы туруктуу жашоо үчүн уруксат берүүгө жаңы эрежелерди киргизе алат.

Кошмо Штаттар Сириянын Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы аскердик чабуулдарга тынчсыздануусун билдирип, атышууну токтотууга чакырды. Мамлекеттик катчы Майк Помпео 27-январдагы билдирүүсүндө Идлибде аба соккуларынан жана кургактагы аскерлердин чабуулдарынан улам «жүз миңдеген» жайкын тургундар гуманитардык кризиске кабылганын, алардын айрымдары коопсуз жайга чыга албай калганын белгиледи.

Окумуштуулар жасалма үн аппараты менен египеттик жрецтин мумиясынын үнүн чыгарып, угуп көрүштү.

Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавируска каршы күрөшүүдө Кытайга колдоо иретинде өзүнүн кайрымдуулук фондунан 5 миллион доллар бөлдү. Мындан тышкары дагы 5 миллион доллар Африкага бөлүнөт.

АКШнын Аризона штатында полиция бир машинаны токтотуп, алдыңкы орунда скелет отурганын көрүшкөн. Амалданган айдоочу скелетти кийинтип жанына отургузуп алып атайын жүргүнчүлөр менен гана жүрүүчү чиийин аркылуу өтмөкчү болгон.

Шотландияда күнөөсү жок жаран 3 күн тергөө абакта отурган соң акталган. 4 жылдан кийин гана анын иши каралып, бейкүнөө боло туруп абакта отуруп чыкканы үчүн компенсация берилген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ашгабадда дарыгерлер жумуш учурунда телефондорун башкы дарыгерге өткөрүп берүүгө же үйлөрүнө таштап келүүгө милдеттендирилди.

Кытайда тараган вирустун жаңы түрүнөн каза болгондордун саны 106 адамга жетти. Бул тууралуу «AFP» басылмасы Кытайдын бийлигине шилтеме берүү менен жазды.

Дүйнөдөгү көйгөйлүү маселелерди иликтеген Стокгольм эл аралык институту (SIPRI) биринчи жолу кытай компаниялары өндүргөн курал-жарактын көлөмүн талдап чыкты.

Кытайдын Хубэй провинциясында өткөн сутка ичинде коронавирустан улам 24 адам өпкөсү сезгенип каза болду, бул илдетти жуктуруп алган дагы 1 291 учур катталды. Бул туурасында Кытайдын борбордук телеканалы бийликке таянып билдирди.

Ооганстандын борбордук бөлүгүндөгү Газни провинциясында учак кыйрады. Азырынча жабыркагандар же каза тапкандар тууралуу маалымат жок. Айрым маалымат каражаттары учакта 80ден ашуун жүргүнчү болгонун жазып жатышат.

АКШнын Ирактагы элчилигин көздөй атылган ракета соккусунан үч киши жарадар болду. AFP жана «Reuters» маалымат агенттиктери өз булактарына таянып билдиришкендей, 26-январда Багдаддын АКШ элчилиги жайгашкан районуна баш-аягы беш «Катюша» ракетасы атылган. Алардын үчөө дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагына түшсө, бир ракета элчиликтин ресторанына тийген.

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда калың кар менен бороондон улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Шаардагы бардык мектептер убактылуу жабылды. 27-январда баш калааны башка шаарлар менен байланыштырган башкы жолдордо каттам токтоду.