ББСнин арабча көрсөтүүлөрүн даярдаган Фирас аль-Хатиб аттуу кабарчысы түз эфирде муштум жеди. ББСнин Газадагы кабарчысы Газадагы акыркы окуялар тууралуу түз эфирден маалымат берип жатканда жанына чуркап келген киши кабарчыны муштап сокту. Эмне болуп кеткенине түшүнбөй калган кабарчы ошол замат жерге кулады. Ал эми ортого түшө калган күч органдары палестиналык кишини ары алып кетти. Телекөрүүчүлөр экрандагы окуяны таң калып карап атканда, камера да баарын жаздырып калганга жетишкен.

Орус президенти Владимир Путин көчөдө акция уюштуруу тартибин бузгандарга айыппул өлчөмүн жогорулатуу боюнча мыйзамга кол койду.

Канаданын Ля Прери шаарынын мэри дачасында аарылардын чабуулуна туш болду.  Квебек (Quebec) штатындагы Ла Праирие шаарынын 2003 жылдан бери мэри болуп келаткан Люси Руссель каза тапты. Ал жекшемби күнү Стратфорддагы дачасында аарылардын чабуулуна кабылган. 51 жаштагы аарылардын уусунан жабыркаган Мэр  аял  ооруканага алып барганга чейин эле  көз жумган.

Өздөрүн “Донецк элдик республикасы” деп атаган орусиячыл жикчилдер Украинанын чыгышына кулап түшкөн, малайзиялык аба жолдоруна таандык “Боинг-777” учагынын кара кутусун эксперттерге өткөрүп беришти.

Венесуэла президенти Николас Мадуро Израилдин баскынчылык чабуулу боюнча Араб дүйнөсүн баш кылып, бүткүл дүйнөгө кайрылуу жасады. Николас Мадуро өз сөзүндө дүйнө лидерлерине Палестинадагы кырдаалдын өтө оор экенин эскертип, кандайдыр бир чара көрүүгө чакырды.

Газадан ракеталык аткылоолорду токтотуу үчүн 17-июлда жерден операция баштаганын Израилдин аскерлери билдирди. Андай операция баштоого өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху буйрук берген. Бул операциянын максаты “ХАМАСтын инфраструктурасын талкалоо” экени айтылды. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун операция учурунда тынч жарандарга зыян келтирбөөгө Израилди чакырды. ХАМАС өз кезегинде жердеги операция үчүн Израиль жооп берерин билдирди. Израиль менен Газа ортосундагы уруш башталгандан бери 220 палестин жараны, бир Израиль жараны өлдү.

Кирения шаарында бир айдан бери кулчулукта жүргөн айым Стамбулдагы кыргыз консулдугунун жана “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жардамы менен бошотулду. Бул тууралуу аталган бирикменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта ал токмоктолуп, коркутууга дуушар болгону жазылат.

Шейшембиде Тбилисинин борбордук бөлүгүндөгү өз үйүнүн жанынан унаанын ичинде Грузиянын Орусиядагы мурдагы элчиси Эроси Кицмаришвилинин сөөгү табылды. Ал башына ок тийген деп айтылып жатат.

Москвадагы метродо болгон аварияда жабыркаган М.Марасулов аттуу кыргыз жараны азыр №20 мамлекеттик клиникалык ооруканада дарыланып жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Москва шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин маалыматына таянып билдирди.

16-июлда Европа Биримдигинин лидерлери Орусияга жана ага жан тарткан Украинадагы жикчилдерге каршы жаңы санкцияларды киргизиши мүмкүн. Биримдикке кирген 28 өлкөнүн лидерлери активдерди камоо, виза бербөө сыяктуу чараларды карашат. Бирок алар Кошмо Штаттар, Польша жана Балтика жээгиндеги мамлекеттер талап кылгандай катаал санкциялар эмес.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын эки жакын өнөгү арам акчаны адалдоо өңдөнгөн айыптар менен кесилгени кабарланууда. Аты аталбаган бир катар булактарга таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Каримованын сүйлөшкөн жигити деп саналган Рустам Мадумаров өткөн аптада 6,5 жылга кесилди. Гаяна Авакян 6 жылга эркинен ажырады.

Палестина өкмөтүнүн Саламаттык сактоо тармагынын маалыматтарына караганда Газанын түштүгүндөгү Хан Юнис шаарын жана  Дейр эль-Балах шаарын   Израилдин бомбалоосунан улам 8 киши ошол жерден жан берип, 43 киши жараланды.

13-июлда Бразилиянын Маракана стадионунда финалдык беттешүүдө Германия футболчулары Аргентина командасын 1-0 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду. Негизги таймдарда эсеп ачылган жок. Кошумча берилген убакытта немис футболчусу Марио Гетс бир топ киргизүүгө жетишти.

«Акылдуу» көз айнек Google Glass сүрөткө тартканды жана аны интернетке жарыялаганды ээсинин ойлорун окуп эле аткарып коет. Жаңы каражатты иштеп чыккандар бул көз айнек адамдын оюн окуп, ой менен башкарылган аппараттын доорунун башталышы гана дешет.

Сирия менен Иракта Ислам халифатынын түзүлүшү — ал мамлекеттердин ички иши. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийинин орун басары Замир Ракыев маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Ирак жана Леванта Ислам Мамлекети тобунун мыкаачылыктары күн сайын жаңыча ыкмалар менен толукталып атат. Белгилүү болгондой акыркы окуяларда ИЛИМ аскерлери Ирандын жарандарын колун байлап, жардан ары түртүп жиберип өлтүрүп жатат.

Африканын батышында өрчүгөн Эбола вирусу менен күрөшүү максатында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) демилгеси боюнча 11 Африка өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо министрлери шашылыш жыйын өткөрүштү. Акыркы маалымат боюнча Эболадан каза тапкандардын саны 445 киши болуп, 1 500 адам бул дартты жуктуруп алган. Оору Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияда өөрчүп жатат.

АКШдагы 19 жаштагы кыз Сирияда согушкан Ирак жана Левант Ислам Мамлекети тобунун аскерине ашык болуп калды. Жаш кыз сүйүүсү үчүн Түркия аркылуу Сирияга өтүүгө камданган. 

Белу-Оризонти шаарында Дүйнөлүк футбол чемпионаты үчүн курулган бир көпүрө чөгүп, 2 киши өлүп, 20 киши жаракат алган.

Дүйнө мусулмандары орозо кармап жатышат. Орозонун тартиби, таалими бирдей болгону менен, күндүн узактыгына байланышкан жагдайда айырма бар.