Казакстандын Айыл чарба министрлиги башка өлкөлөргө мал экспорттоого тыюу салууга ниеттенип жатат.

Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги кабарлады.

 

Басылманын маалыматына караганда, Сенаттын Агрардык маселелер комитетинде «Агро өнөр-жай комплексин жөнгө салуу боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралды. Анда сенатор Али Бектаев өлкө этке караганда малды көбүрөөк экспорттоп жатканын билдирди.

 

«Үстүбүздөгү жылы эле малдын экспорту эки эсеге көбөйгөн. Бул багыттагы экспорттук саясатты өзгөртүү керек», — деди сенатор.

 

Өз кезегинде Казакстандын айыл чарба министри Сапархан Омаров өлкөдө тубар малды сатууга тыюу салынганын билдирди. «Республика боюнча малды байлап саткан 78 аянтча бар экенин аныктадык. Алар аркылуу мал сыртка, негизинен Өзбекстанга экспорттолот. Биз алардын 50гө жакынына малды сыртка сатууга тыюу салууну пландап жатабыз, анткени азыр малдын агымын көзөмөлдөй албай жатабыз», — деди министр.

 

Gazeta.uz сайтынын маалыматына караганда, быйыл январь-июнь айларында Өзбекстан сырттан 59,3 миллион долларга 72,2 миң баш бодо мал сатып алса, алардын 84,5 пайызы Казакстанга туура келет.

 

Жыйындын соңунда малды сыртка чыгарууга алты айга тыюу салуу тууралуу буйруктун долбоору иштелип чыкканы айтылды. Буга себеп Өзбекстанда фермерликти өнүктүрүү программасынын алкагында башка өлкөлөрдөн мал сатып алуу үчүн элге жеңилдетилген насыялар берилип жатканы кабарланды. Буга байланыштуу өзбек фермерлери Казакстандан жапырт мал сатып алууга өтүшкөн.

 

Өткөн жылы Өзбекстан Казакстандан 50 миң бодо мал сатып алса, быйыл алты айдын ичинде эле бул көрсөткүч 63,5 миңге жеткен.