Танзаниядагы "Янга" — "Иринга Юнайтед" матчында калыстар жана оюнчулар кокусунан жерге жата калып, көрүүчүлөр орундуктарын таштап кете башташкан.

Көрсө, оюн талаасына топтошкон аарылар келип, айрымдарын чагып баштагандыктан, спортчуларга качууга туура келген.
Жапайы аарылар футболчуларга көз карандысыз кубоктун жүрүшүндө  кол салышкан. Видео Twitterдеги баракчага жүктөлгөн.

Талаада  "Янга" жана "Иринга Юнайтед" командалары күч сынашып жаткан. Видеоматериалда футболчулар, калыстар кантип жерге жата калгандыгы жана күйөрмандар отурган орундугунан кетип жаткандыгын көрүүгө болот. 

Оюн аарылар кайра учуп кеткенден кийин улантылган.

https://twitter.com/i/status/1208733613979766784

Булак: NazarNews.kg