Орусиянын Амур облусунун административдик борбору Благовещенск шаарындагы колледжде студент ок атып, бир киши мерт болду.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги кабарлады.

 

Мындан тышкары кол салуудан 17,19 жана 20 жаштагы үч өспүрүм жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

 

Окуя болгон жерге барган полиция кызматкерлери окуу жайдын экинчи кабатынан 19 жаштагы куралчан студентти таап, алардын ортосунда атышуу болгон. Болжолдуу маалыматтар боюнча көп өтпөй студент өзүнө катталган аңчылык курал менен атынып өлгөн.

 

Күбөлөрдүн айтымында, окуя 14-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат ондордо болгон. Кечигип келген студентке сабактан чыгып кетиши керектиги айтылгандан кийин ал курдаштарын аткылай баштаган. Күбөлөр кеминде беш жолу ок атылганын билдиришүүдө.