Россия, Иран, Түркия жана башка мамлекеттерге АКШ тарабынан киргизилген санкциянын кесепети Кыргызстанга да тийип, доллардын куну көтөрүлүп жатат. Бул мамлекеттердеги долларды тутамдап өрттөгөн, өз ара соода-сатыкты улуттук акча менен жүргүзүү аракети да майнап бере элек.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол коюлат.

Быйылкы жаңы окуу жылында өлкөбүздүн билим берүү жана илим министрлиги аз саат менен иштеген мугалимдер үчүн күтүлбөгөн “сюрприз” даярдоодо. Анткени алар жумуштан кетмекчи.

Жаңы президентибиз жаңыча саясат жүргүзүп, эскинин калдыктарын жоюп, элге жакын болуп аткандыгы жашыруун эмес.

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда мектеп мугалимдеринен ноутбуктарды сатып алып, анда иштөөнү үйрөнүүнү талап кылышууда.

Бишкек, "Саясат. kg". Абакта ачкачылык жарыялаган оппозиционер ачкачылык кармоону токтотту. 

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жол кырсыгына кабылып, «жеңил жарааты менен ооруканага жаткырылды». Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасы кабарлады.

Бишкек, "Саясат. kg". Жараат алган милиция кызматкеринин акыбалы учурда бир калыпка келди. 

Бишкек, "Саясат. kg". Кечээ, 21-августта Чолпон-Атада өспүрүм каза тапты. 

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында чатыры урап түшкөн имараттын алдында калган эки кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды.

 

Кыргыз өкмөтүнүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү, же эскиче айтканда губернатору Туйгуналы Абдраимов да күзүндө Ак үй баштай турган генералдык “чистканын” арааны менен кызматын жоготчудай болуп турат.

Бишкек, "Саясат. kg". Эң жогорку айлык акы Россияда берилет. 

Жалпы окурмандарыбызды кечээ белгиленген Курман айт майрамы менен куттуктайбыз! Мусулмандардын улуу майрамында журт башкарган адамдар да элден четте калбай, майрамдык айт намазына жыгылышты.

Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу 20-августта Түркиянын Ташкенттеги элчиси Ахмет Башар Шен Anadolu агенттигине берген маегинде билдирди.

Илгертеден эле “сенин досуң ким экенин айтсаң, мен сенин ким экениңди айтып берем”,- деген учкул кеп бар. Мына, эми кызматка киришкен Азиз Суракматовдун да ким экенин билиш үчүн алыска баруунун кажети жок.

Алматы облусунда Жунгар Алатауго экспедиция жасаган туристтерге кол салуу болду. Окуя тууралуу Kazakh Tourism улуттук компаниясы Фейсбуктагы расмий барагына жарыялады.

Фергана облусунда акушер-гинеколог жергиликтүү аткаминерлердин буйругу менен беш айлык боюнда бар 7-класстын окуучусуна май айында аборт жасаганы белгилүү болду.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" ("Жомоктон кийин") повестинин негизинде “Шамбала” аттуу тасманы тарта башталды.

Бишкек, "Саясат. kg". Учурда абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан саясатчылар Жогорку сотко нааразычылыктан улам ачкачылык жарыялашты.