Мамэкотехинспекциянын катчысы Анара Мамбеталиева Фейсбуктагы баракчасына ээлеген кызматынан бошотулганын жазды. Ал коррупцияга каршы чыгып, инспекциянын ичин тазалоо демилгесин көтөргөнү үчүн мамлекеттик кызматка экинчи кабыл алынбас болуп "жазаланганын" билдирген.
Аталган инспекциянын жетекчи орун басары Мамбеталиеванын маалыматына жооп кайтарып, баары мыйзам чегинде болгонун жарыялады.
Эске салсак, маалымат катчы коррупцияга каршы акция уюштурган.
Орун басардын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерге митинг-пикет уюштурууга тыюу салынат. Анара Мамбеталиева бул кадамы менен кызматтык этиканы сактаган жок. Ошондуктан, аны кызматтан алуу Эмгек кодексине туура келет.
Ал эми Анара Мамбеталиева инспекциядагы коррупционерлерди биле турганын, аларды териштирүүнү жетекчиликтен суранып, бирок, өзү кызматтан кеткенин айтууда.