Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш жүргүзгөн Мамлекеттик кызматы коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттар үчүн ачылган атайын эсепке акча которду. 

 

 

Аталган кызматтан кабарлашкандай, бул сапар эсеп  7 миллион 410 миң 504 сомго толтурулду. 

 

Маалыматка караганда,  каражаттар  экономикалык кылмыш боюнча козголгон иштерден улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан жана эсепке алуудан чогултулган.

 

"Мындан ары да өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун бекемдеп, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган иш-чаралар улантылат", - деп билдирет мекеме.