Жалал-Абад областы, Сузак районундагы Сузак

айылынын Талип раис көчөсүндө, №3 үйдө жашаган

Хакимова Мухаббатхан Тахиржановнадан

 

КАЙРЫЛУУ

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Эгерде Кыргыз Республикасынын сот органдарында тырмактын учундай адилеттик болгондо, эгерде соттор социалдык адилеттик принцибине бекем  туруп, эки жаш баласы менен жалгыз бой эненин укуктарын кордобогондо мен ушинтип Сизге кайрылып отурбайт элем. Сиздин соттордогу адилетсиздиктер, кыянаттыктар тууралуу айткандарыңызды телевизордон көрүп, арга жоктон адилеттик издеп Сизге гана кайрылуу керектигин сездим. Мен үчүн эмес, чиедей болгон эки балам үчүн жардам берип коюуңузду суранам Сизден.

 

Мен 2007-жылы ушул эле Сузак районунун Сузак айылындагы Авганбак көчөсүнүн 56-үйүнүн тургуну Хакимов Санжар менен турмуш курганмын. Ал Россия Федерациясынын Магнитогорск шаарында иштеп турган экен. Күйөөм экөөбүз мыйзамдуу никеде 7 жыл жашадык, ортобузда эки балам бар: бири 2009-жылы, экинчиси 2010-жылы туулган. Күйөөм Магнитогорскиге кетип, жылына бир-эки жолу келип жүрдү. Экөөлөп аракет кылып, Сузак айылынан турак жай курууга жер участогун алып, 5 бөлмөлүү там салдык.

 

Кийин билсем, мага чейин эле Россиядан орус аялга үйлөнүп, жашап жүргөн экен. Мен аны билген эмесмин, буга кайын атам Хакимов Мухамматтахир күнөөлүү деп эсептейм. Себеби ал уулунун мурда эле үйлөнүп алганын жашырып, куда түшүп, ортодо үй-бүлөнүн бузулушуна алып келди. Кийин күйөөм Россияда иштеп жүрүп, ичкиликке берилип, Кыргызстанга келбей койду, бизден таптакыр кабар албай калды. Айла жок, ажырашууга туура келди.

 

Ошол күндөн баштап кайын атам бизди кодулап, бир күнү күч колдонуу менен мен күйөөм экөөбүз курган тамдан эки балам менен кууп чыкты. Эмне кыларымды билбей, Сузак айылында жашаган атамдыкына барып, балдарым менен баш калкалашка туура келди.

 

Албетте, мен кайын атамдын мыйзамсыз аракеттерине нааразы болуп, укугумду коргоо үчүн Сузак райондук прокуратурасына арыз менен кайрылдым. Прокуратура кызматкерлер жагдайды тыкан текшерип чыгышты. Көрсө, кайын атам жасалма жол менен документтерди түзүп, биз курган үйдү өзүнүн атына каттатып алган экен. Ага Сузак айыл өкмөтүнөн берилген буйрук жасалма болуп чыкты. Себеби Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын милдетин аткарган А. Полотов 2004-жылы 20-июлда кайып атам Хакимов Махамматтахирге 0,08 гектар жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө №181 токтомду жасалма жол менен даярдап, чыгарып берген экен. Деген менен, кайын атам турак жай куруу үчүн мурда эле жер участкасын алган болчу, жашаган турак жайы да бар, мыйзам боюнча бир кишиге турак жай куруу үчүн эки жер участкасы бөлүнүп берилбейт. Ал жер участкасын берүү тууралуу токтом эч бир жерде катталбай, жөн гана жасалма түзүлгөндүгүн прокуратура аныктады. А.Полотов Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бир нече беренелери боюнча мыйзам бузган, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткени үчүн кылмыш иши козголбой калды. Биз ошол жер аянтына күйөөм экөөбүз там салганбыз, ал жерден мени балдарым менен кошо кууп чыгышты.

 

Албетте, кайын атамдын жасалма документтердин негизинде алган мамлекеттик актысы Жалал-Абад областынын райондор аралык соту тарабынан жокко чыкты. Бирок, буга нааразы болгон кайып атам райондук соттун чечимине даттанып, Жалал-Абад областтык сотуна кайрылган. Областтык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Андан кийин, райондор аралык сот менен областтык соттун чечимине даттанып, кайын атам Жогорку Сотко арызданды. Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырды жана акыркы чечим, даттанууга жатпайт деп токтом чыгарды. 

 

Деген менен, ылдыйкы соттор тарабынан жер участкасын муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча да чечим чыккан. Демек, бизге тиешелүү үй турган аянт эми муниципалдык менчикте калып, бизге тиешелүү болбой калды.

 

Мен эми ошол жерди алып калууга аракет кылдым. Сузак айыл өкмөтүнүн башчысы Аскар Сариевге, айылдык кеңештин депутаттарына кайрылдым. Сузак айылдык кеңешинин депутаттары менин абалымды туура түшүнүшүп, айыл өкмөтүнө, сот органдарына кайрылышып, жер участкасын эки балам менен мага өткөрүп берүүнү жакташты, атайын сессиянын чечимин да чыгарып беришти. Ошондой эле айыл өкмөтүнө, сот органдарына кайрылышып, ага айылдык кеңештеги жалпы 21 депутаттын 19у кол коюп да беришкен. Бирок, айыл өкмөтү эки балалуу аялга жер участкасын берүү маселесин чечкен жок, муну сот органдары чечсин деген пикирди карманды.

 

Мен Жалал-Абад областынын райондор аралык сотуна кайрылып, биз урган тамды жана там орун алган жер участогун менин атыма каттап берүү өтүнүчүн келтирдим. Аталган сот 2018-жылдын 1-февралында бул иштин ар кайсы жагдайларын иликтеп чыгып, арызымдын канааттандырды жана Сузак айыл өкмөтүнө Сузак айылындагы Сарык аксакал көчөсүндөгү номери жок үйдү жана 0,10 гектар жер участогун менин наамына каттап, бекитип берүүнү Сузак айыл өкмөтүнө милдеттендирди.

 

Бирок, өзүнүн уулунун чиедей эки баласын ойлобогон, эки жаш баласы менен ажырашкан аялдын башпаанексиз калышын туура көргөн менин кайын атам Хакимов Мухамматтохир ишенимдүү өкүлү менен бирдикте Жалал-Абад областтык сотуна Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

 

Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясы 2018-жылдын 1-июнунда (балдардын коргоонун күнүндө!) бул ишти карап, биз курган тамды жана жер участогун эки балам менен күйөөдөн ажырап, башпаанексиз калган мага берүү тууралуу Жалал-Абад областынын райондор аралык сотунун чечимин жокко чыгарды. Бул жерде менин да, эки жаш баламдын да укуктары, алардын социалдык бейпилдиги, тагдыры эске алынган жок. Балдардын тагдырын атасы, чоң атасы, мамлекеттин атынан иш жүргүзүүчү сот органдары да ойлобойт экен. Жалал-Абад областтык соту балдарга каршы, ошол эле учурда үстүндө тамы бар, эч кандай көйгөйү жок менин кайын атамдын кызыкчылыгына чечим чыгарып отурат!

 

Жалал-Абад областтык сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын чечими мени өтө оор абалга кептеди. Бул жерде кеп менин тамга жана жер участогуна жетпей калышымда эле эмес. Кеп областтык соттун социалдык адилеттүүлүк принцибине ылайык чечим чыгарбаганында. Мамлекеттик атынан балдардын тагдырына кызыкпагандыгында жана эки жаш баласы бар эненин социалдык укуктарын бузгандыгында. Кандайча бул Кыргызстандын соттору акыйкаттыктан алыстап, коррупцияга, акыйкатсыздыкка, адилетсиздикке баш коюшкан? Сиз мамлекет башчысы катары алардан таптакыр башка нерсени талап кылып жатпайсызбы?

Менин кайын атам Хакимов Мухамматтохир да бала багып өстүргөн, балага мээрим төккөн киши деп ойлойм. Бирок, өзүнүн уулунун балдары, неберелеринин тагдырын ойлобой, ошол жаш наристелерден тамды, жер участогун талашып жатышы аял катары менин акылыма сыйбай келет. Ал эми ушундай аксакалдардын кызыкчылыгын коргоп, жаш балдардын укуктарын бузган сотторго да жол болсун! 

 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

 

Сиз сот системасын реформалоо, чыныгы адилет сот системасын калыптандыруу тууралуу жакшы кептерди айтып келесиз. Бул сөздөр бизге өтө жагат жана бизге үмүт берет. Бирок, баары эле бир күндө оңолуп, жайына түшүп калбайт да, аны биз да түшүнүп турабыз.

 

Ошентсе да, мен эне катары Сизден көптөн-көп суранам:

 

- эне жана аял катары менин бузулган социалдык укуктарымдын калыбына келтирилишине, тактап айтканда, күйөөм экөөлөп курган тамды жана жер участогун менин наамыма каттоого жардам беришиңизди;

- менин кичинекей эки баламдын укуктарын коргоодо жардам беришиңизди жардам беришиңизди.

 

Мен жана балдарым жоопкерчиликти билбеген атадан, өз урпактары үчүн күйбөгөн аларга каршы иш алып барган чоң атадан, алсызды коргобостон, тескерисинче, алдуулардын кызыкчылыктарына ылайык чечим чыгарган соттордон, баарына кайдыгер карап отурган жергиликтүү бийликтерден жабыр тартып жатат.

 

Сизден башка жардам бере турган тарап калбады. Бизге жардам бериңиз!

 

Мухаббатхан ХАКИМОВА,

 

Жалал-Абад областы, Сузак районундагы

Сузак айылынын Талип раис көчөсү, №3 үй.

Телефон: 0551 198 198.