Бүгүн, 23-августта Ош облусуна караштуу Гүлбар айылында мечит өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык тууралуу кабар аталган министрликтин бөлүмүнө 7:15те жеткен. Окуя болгон жерге барган өрт өчүрүүчүлөр жалынды саат 7:30да токтотушкан.
Тилсиз жоодон 36 жаштагы аял менен 10 жаштагы бала каза табышты. Маркумдардын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди.
Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча аныктала элек.