Күтүү... Күзгү саясий сезон Кыргызстанды кайда алпарат?

 

- Адатынча, күзүндө саясий кырдаал курчуй түшөт эмеспи? Аны утурлай саясатта кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Митинг, пикет, нааразычылык акциялары болушу ыктымалбы? Андай акцияларды ким баштап чыгышы мүмкүн, бош турган оппозициялык талааны кайсы саясатчылар ээлейт?

 

 

- Саясий кырдаал чукул өзгөрө тургандай жагдай азыр жок. Ал эми оппозициялык талаа бош калган жок, болгону азыр ар башка максаттагы саясий күчтөрдү бириктирип кете тургандай маселе жок. Ошондуктан көпчүлүк саясатчылар байкоо же күтүү режиминде отурушат десек болот, алардын мындан аркы аракеттери кандай боло турганы азыркы бийликтен көз каранды, ошо бийликтин практикалык кадамдарына жараша болот.

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити