Бөдөш Аманбаевна Убактылуу өкмөттүн тушунда миграция министрлигин жетектеген, ошол эл учурда 2010-жылкы бийлик алмашууга алып келген окуяларга да чоң салым кошкон. Демек, учурда Атамбаев менен Текебаевдин ортосундагы чон тирешүүгө жол ачкан мародёрчулук, апрель-июнь окуялары, К.Батыровдун өлкөдөн чыгарылып кетиши сыяктуу маселелердин айрым элге билгисиз жагдайларынан да кабардар.

Мамлекеттик бийликти күч менен кулатууга чакырык жасаганы айтылып, камакка алынган Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлери Кубанычбек Кадыров, Бектур Асанов, ошондой эле коомдук ишмер, эксперт Эрнест Карыбеков, экс-мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун үстүнө сот жараяны жабык жүрүп жатканы айыпталуучулардын колдоочуларын нааразы кылган.

Конституцияга өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү маселеси кимдин ким экендигин, ЖоКедеги фракциялардын ичиндеги ынтымак, биримдиги кандай экендигин көрсөткөндөй болду окшойт. Айрым фракциялар Башмыйзамга өзгөртүү, толуктоо киргизүүдө бир пикирде экенин көрсөтүшсө, “Бир Бол” фракциясы же толук колдогон жок, же толук колдобой койбоду.

Буга чейин бөлүнбөстөй туюлган Алмаз Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин кокусунан бири-бирине “душман” болуп, “компромат” согушун ачып ийишинен улам жалпы саясий кырдаал өзгөрдү. Анткени, бул эрегишкен эрежесиз күрөштүн арты эмне менен бүтөөрүн эч ким айтууга батына албайт.

Өлкөдө болуп жаткан саясий окуяларга өз баасын бербей, коомчулуктун назарынан алыстап кеткен “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев көрсө, тымызын, президенттик шайлоого даярдык көрүп жатыптыр.

- “Референдумга жол жок кыймылы” жетиштүү добуш топтоп, Конституцияны өзгөртпөй сактап кала алабы?

Бишкек, “Саясат.kg”. Бишкекте, 1-октябрь - Эл аралык карылар күнүндө Курманжан Датканын эстелигинин жанында улгайган жарандардын өз колдору менен жасалган  буюмдардын жармаңкеси болуп өттү.

Түркия Юстиция министрлиги 13-сентябрда Фетхуллах Гүленди камоо өтүнүчү менен АКШга расмий кат жөнөттү. Анкара аны аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп айыптоодо.

Британиялык The Independent гезити саякатчылар сөзсүз барышы керек болгон 12 өлкөнүн катарына Кыргызстанды да кошту. Басылманын аталган рейтингин белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн. Ал 40 жашында эле дүйнөнүн бардык өлкөлөрүн кыдырып чыккан.

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков кесиптеши Иса Өмүркуловдун сунушун колдоого алды. Иса Өмүркулов “Ата Мекен” менен “Өнүгүү Прогресстин” көпчүлүк коалициядан чыгуу сунушун киргизген эле.

 

Бишкек, “Саясат. kg”. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Салянова Унгар-Тоо маселесин пленардык жыйынга алып чыгуу сунушун киргизди. Ал буга чейин комитет бул маселени жабык эшик артында караганын эстетти.

Бишкек, “Саясат. kg”. “Ата Мекен” фракциясы Конституцияга өзгөртүү киргизүүгө караманча каршы болуп атат, бул маселеде коалицияда макулдашуу жок. Мындай коалициянын эмне кереги бар? Бул фракциялар коалициядан чыгышсын, оппозициянын катарына кошулушсун”, - деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Бишкек, “Саясат. kg”. “Жаңы саясий сезон Конституцияга озгөртүү киргизүү демилгесинин айынан татаал болот. Президенттик шайлоо канчалык жакын калган сайын кайсы бир маселе катуу көтөрүлө берет”, - дейт депутат Дастан Бекешев.

Бишкек, “Саясат. kg”. Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында Жип үлгүсүндөгү автоунаа токтоп турган жеринен күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

“Евровидение” эл аралык сынагы 2017-жылы Киевде өтө турган болду. Украинанын Улуттук телекомпаниясынын башкы директору Зураб Аласаниянын маалыматына караганда, сынактын уюштуруучуларынын чечимин Евровидениенин Берлиндеги Байкоочу кеңешине жакынкы күндөрү тапшырышат. 

Беш жылдан бери өлкө башчы атанган Алмазбек Атамбаев өзүн президенттик такка жеткирген тегерегиндеги тилектештеринин баарын бош мүшөктөй силкип ыргытты. Курчоосунда шоопуру баш болгон бирин-экин илешкерине терең ишенип алды көрүнөт, кечээги идеялаш, санаалаштарынын баарына акааратын жаадырып бүттү. Анын акааратына кабылбаган бир гана Ата-Бейитте жаткан арбактар калды эми.

"Өзбекстан менен мамилени жакшыртып, оңдоого аракет жасашыбыз керек. Жаңы келген кадрлар маселенин бардыгын жакшы түшүнүп турат",- деди М.Айбалаев.

Мал эгин эккен жерге бир кирип көрүп алса кайра кайра келип жей берет, урсаң да,кыйкырсаң да тоготпой,эси дарты эптеп кашаадан кирип, эгинди жеш керек болот. Жедирбеш үчүн кашааны чыңдап, мал өтө албай турган кылып, анан малдын ээсине барып айтуу керек,”байла малыңды,болбосо чаап салам”- деп.

Өзбекстандын экс-президенти И.Каримовдун каза болгондугу таасир эттиби же жаңы убактылуу өзбек бийлиги позициясын өзгөрттүбү, Үңкүр-Тоодогу телемунарадан өзбек күч кызматкерлери кармап кеткен төрт кыргызстандык бошотулду.

Бишкек, “Саясат. kg”. Татарстандын Елабужск районунда кыргызстандык мигранттардын саны кескин өстү. Бул тууралуу “Татар-Информ” маалымат агенттиги жазып чыкты.