Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш Башкармалыгы Жеңиш майрамына карата шаарды кооздоого 1,8 миллион сом жумшамак болду. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалды.
Мэрия 10,5 чарчы метр баннерлерди чыгарат. Баасына дизайнерлик кызмат, монтаж жана демонтаж да кошулган.
Жеткирүүчүнүн ишти өз убагында аткарып берүү үчүн менчик же ижарага алган жабдыктары болууга тийиш. Ошондой эле акыркы эки жылда ушул сыяктуу 1 миллион сомдон кем эмес келишим түзгөн болушу шарт.