Бишкектин Күнүнө карата концерт уюштурулат. Мэриянын пландалган кеңешмесинде бул тууралуу сөз болду.
Анда айтылгандай, учурда иш чаранын планы иштелүүдө, концерттик программалар шаардын борборунда гана эмес, бардык райондорунда да өткөрүлөт.
Башкы майрамдык кечеге башка өлкөдөн коноктор да чакырылат, алар россиялык ырчы Согдиана менен өзбек топ “Ялла”.
Концерт 29-апрелде саат 19:00дө “Ала Тоо” аянтында башталат. Ал төрт бөлүмдөн турат. Биринчиси симфониялык оркестр менен ачылат, андан кийин улуттук музыкалык аспаптардын оркестри чыгат, үчүнчү бөлүктө атамекендик ырчылар ырдашат: «Инсан» жана «Элес» тобу, Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков ж.б.лар. Концертти чет өлкөлүк ырчылар Согдиана менен “Ялла” тобу жыйынтыктайт. Майрамдын кульминациясы – 8 мүнөттүк фейерверк.