ЖАМК (Жазалардуу аткаруу Мамлекеттик кызматы) соттолуучу Мурат Суталинов учурда Улуттук онкология борборунда дарыланып жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, ал ооруканага 1-апрелде эле жаткырылган. Ошондой эле ЖАМК Бишкек шаардык сотунда 15-апрелде боло турчу соттук процесс аталган мекеменин өкүлү келбей калганы үчүн үзгүлтүккө учурады деген маалыматтарды четке кагат.
Мекемеден айтышкандай, Улуттук онкология борборунун тастыктамасына ылайык, оорулуу Мурат Суталиновдун 11-апрелде акыбалы начарлап, гипертониялык кризиске учураган. Дарылаган дарыгери Суталиновду Бишкек шаардык сотуна процесске алып барууга ниеттенген ЖАМКнын кызматкерлерине берүүдөн баш тарткан. Факт боюнча акт түзүлгөн.
Ошондой эле мекеме “ЖАМК дартка чалдыккан соттолуучулардын дайыма акыбалын түшүнөт, тийиштүү дарылануу алуусуна жардам берет” деп белгилеген.