Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) жетекчилиги электрондук паспортко бланктарды сатып алуудагы тендер чырына байланыштуу кармалганы кабарланды.
«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Данияр Бакчиев, аталган мекеменин төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев камакка алынганы айтылууда.
Атайын кызмат үч чиновник кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгенин ачыктады.
УКМК тараткан маалыматта 2018-жылы биометриялык паспортторго бланк даярдоо боюнча 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланып, ага чет элдик беш компания катышканы айтылат. Тендерде компаниялардын бири эң арзан бааны сунуш кылганына карабай Мамкаттоонун комиссиясынын чечими менен тендерден өтпөй калганы белгиленет. УКМК Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан деп эсептейт.
Мекеменин Тергөө жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев буларды айтып берди:
«Башкы прокуратура 2019-жылдын 26-февралында паспортторду сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендер боюнча кылмыш ишин козгоп, иш азыр тергелип жатат. Баштапкы маалымат боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 253 млн. 377 миң сомду түзөт».