“Ата Мекен” партиясы 23-апрелде митинг өткөрүүгө уруксат алышты. Бул тууралуу партиянын катчылыгынан кабарлашты.

Аны менен катар ошол эле күнү Садыр Жапаровдун да тарапташтары митингге чыгышат. Жалпысынан уюштуруучулар эски аянтка алты миңдей адам топтолоорун божомолдошууда.  Текебаев менен Жапаровдун тарапташтары митинг өткөрө тургандыктарын айтып, мэрияны март айынын аягында кабардар кылышкан. 23-апрелде Жогорку сотто эки саясатчынын ишин кайра кароо процесси белгиленген.

 

“Ата Мекен” фракциясынын  лидери Алмамбет Шыкмаматов митинг тынчтыкта, провокациясыз өтөөрүнө ишенет.