2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен катталгандар 9 680 адамды түзгөн.

Алишер мырза, өкмөттүн айрым мүчөлөрү алмашмай болуптур.

Президент айткандан кийин, колунан иш келбеген аткаминерлер кете бербейби, креслого жармашпай?

Айрым бир жоруктарга так түшүндүрмө берүүгө сөзүң да жетпей калат.

Ат-Башыда логистикалык борборго байланыштуу кайрадан митинг өтүп жатат.

Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 24 миңден ашып, 490 адам көз жумду.

«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун «бул ишкананын аппаратынын кызматкерлери көп айлык алат» деген сынына жооп берди.

Саламаттык сактоо министрлиги «Баткенде «коронавирус жугузду» деген шек менен эки адам ооруканага жаткырылды» деген маалыматты четке кагууда.

КР Жазык жана Жазык-аткаруу кодекстеринин 2017-жылдагы редакциясына ылайык соттолгон Садыр Жапаровду которууга же жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга болбойт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 24-январындагы коопсуздук кеңешинин чечиминде көрсөтүлгөн сунуштарга ылайык, мамлекеттик органдардын бир катар жетекчилерин тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө буйруктарга кол койду.

 

«Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өзүнүн партиясы алдыдагы парламенттик шайлоодо саясий күчтөр, партиялар менен бирикпей турганын, бирок саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди.

5-февраль күнү Баткен районундагы «Кызыл-Бел» чек ара пунктунан коронавирус менен ооруп жатат деп шектелген 2 адам ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты.

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин уулу жана аталаш иниси каза болушту.

Аскаров Замирбек Марипбаевич Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды.

Асрандиев Эркин Шамшудинович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.

Бир суткада Бишкек шаарындагы Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына 212 бейтап кайрылды.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирустан жабыркагандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Түркиянын Стамбул шаарында Сабихи Гёкчен атындагы аэропортто учак учуп-конуу тилкесинен чыгып кетти.

Бүгүн, 5-февралда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбековдун демилгеси менен Исфара шаарында Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Кеңеш Салихов менен Согдий облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Б.Баходурзоданын эки тараптуу жолугушуусу болду.