Каракеева «Фейсбуктагы» баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын жазды.
«Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы вице-мэрди башка иштери үчүн да сындаган.
«Сиз тешилген жолдор боюнча арыздарга терс мамиле кылып, ар дайым менин оозумду жабууга аракет кыласыз. Сиз жол боюнча арыздарга мэр көрбөсүн деп өзүнчө чат ачып аласыз», – деп жазды Каракеева.
Азырынча Бишкек шаардык мэриясынан «Тазалык» ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракееванын сынына расмий жооп алууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Булак: Азаттык