Бул тууралуу президенттин сайты жазды.
2018-жылдын 14-декабрындагы “Кыргызстандын санариптик өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” чечимин аткарууда жетишсиз иш алып барганы үчүн эсеп палатасынын төрагасы Улугбек Марипов, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов, улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов, мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучусу Бакытбек Сагынбаев эскертүү түрүндө тартип жоопкерчилигине тартылды. Буга чейин өкмөт башчы бир катар министрлерге сөгүш жарыялаган.
Булак: Азаттык