Эркин Асрандиев вице-премьер-министр, Замирбек Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болсо эле өкмөттүн иши илгерилеп, коомчулуктун сынынан арылабы?
- Замирбек Аскаровду тилекке каршы, тааныбайт экенмин, бирок Эркин Асрандиевди жакшы тааныйм. Ал тажрыйбалуу жана өзүн ишин билген адис. Мындай адистер бүгүнкү күнү өкмөттө иштеши керек деп эсептейм. Бирок, бул эки мырза жаңы кызмат орундарга барса эле өкмөттө абал дароо эле өзгөрөт деп эчким кепилдик бере албайт. Анткени, бүгүн өкмөттө иштеген кадрларды бирин-экин эмес, көпчүлүгүн алмаштырыш керек.
- Өкмөттүн ич ара кадр алмаштыруу аракети отставкага кетпей калуунун жандалбасы эмеспи?
- Эгерде мына жазда өлкөдөгү саясый абал өзгөрүп кетсе, анда бул өкмөт отставкага кетет. Бирок, мен ойлом отставканын ордуна бийлик бир топ өкмөттүн мүчөлөрүн кызматынын кетирип, бул өкмөттү сактап калганга аракет кылат. Себеби, шайлоодон кийин баары бир жаңы парламент коалиция түзүп, жаңы премьер-министрди дайындап, жана өкмөттүн жаңы курамын түзөт.
- Бирок, көпчүлүк учурда кадрларды алмаштыруудан майнап деле чыкпай, ал турсун сумма деле өзгөрбөй калган учурлар көп эле болуп жатат го?
- Кадрларды алмаштыруудан сумма өзгөрбөй, иш алдыга жылбай жатканы менен бул деле өзүнчө саясый тактика десем болот...
- Шалаакы өкмөт деп сындаганыбыз менен ошол эле министрлер кызмат орундарын алмашканы өкмөттүн ишине эффект береби?
- Бул өкмөттүн деңгээлин баарыбыз билебиз, өкмөт алсыз, бирок мен жогоруда айткандай бүгүнкү өкмөттүн келечеги март айында билинет. Булар мартта кетет же шайлоого чейин иштейт. Азыр радикалду кадамга барып өкмөттү кетирип анын ордуна жаңы өкмөт келгени менен ал өкмөт деле парламенттик шайлоого чейин эле иштейт. Ошону эске алышыбыз керек.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.