Бул тууралуу Тышкы иштер департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда элчи Жаныш Рустенбеков эки элдин, өзгөчө чек арага жакын жайгашкан аймактардагы калктын бир-бирине болгон ишенимин бекемдөө керектигин белгилеп, кыргыз-тажик бизнес форумун өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле, чек арага жакын жайгашкан райондорго айыл чарба продукцияларын кайра иштеп чыгуучу ишканаларды куруу боюнча суроолор талкууланды.

Тараптар 2020-жылы Согдий жана Баткен облустарында биргелешип ар түрдүү маданий, спорттук иш чараларды өткөрүүнү талкуулашты.

Жаныш Рустенбеков 2020-жылдын биринчи жарымында Баткен шаарында кыргыз-тажик туристтик бизнес форумун өткөрүүнү белгилеп, тажик тараптын аталган форумга активдүү катышарына ишенимин билдирди.

Булак: Маралфм