- Андай болбойт го. Алар, тескерисинче, эптеп кызмат ордунда калып калууга аракет кылып чуркап жүрүшөт. Аларды ар кандай айла-амал алып келген табакташ “крышалары” да актап-жактаган маалыматтарды тарата башташты. Кыскасы, алар ишин жөндөй албай жатканын мойнуна алып, кызматтан кеткендин ордуна кызматын сактап калуунун айласын издеп жатышат.
- Мамлекетибиздин иши илгерилешине президент алсыздык кылып жатабы же өкмөт шалаакы болуп жатабы?
- Биринчиден, президентти алсыз, тажырыйбасы жок, ар кандай шектүү иштерге аралашкан адамдар курчап алышты окшойт. Экинчиден, азыркы өкмөттүн 70 пайыздан ашууну өз милдеттерин аткара албай жатышат. Бирок, айтылган сындарга карабастан, эмнегедир аларды кетирбей, сактап келе жатышат. Жыйынтыгында, күн өткөн сайын кырдаал курчууда.
- Неге президенттин да, өкмөт башчынын да командасы алсыз деп сындашат. Аларга күчтүү команда түзүүгө ким тоскоолдук кылып жатат?
- Бул жерде бир топ факторлор бар. Биринчиси, алардын тегерегиндеги ар кандай саясий күчтөр. Андан кийинкиси, Жогорку Кеңештеги башкаруу коалициясына кирген фракциялардын кызмат орундарды бөлүп алуусу. Бирок, акыркы сөз ар дайым президент менен премьер-министрде болот. Ошон үчүн коомчулуктун сынына кабылып жатышат.
- Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал жер алмашсак эле чечилип калабы?
- Албетте, толугу менен чечилбейт. Бирок, чыр-чатак көп чыгып жаткан Көкташ айлынын тегерегинде кырдаал оңолууга шарт түзүлөт. Баштагыга караганда чыр азайат.
- Кыргыз саясатчылары депутат болбой калса эле эл арасындагы ордун жоготуп коёбу? Неге алар бийликтин партиясына кирүүгө ашыгышат?
- Саясатчылардын арасында да ар түрдүү адамдар бар. Кээ бир тажрыйбалуу, билимдүү, кесипкөй, мекенчил, таза, ар кандай шектүү иштерге аралашпаган саясатчылар парламенттеби же андан тышкары деле мамлекетибиздин өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатышат. Бирок, сиз айткандай ар дайым, кандайдыр бир айла-амалдар менен жаңы бийликтин командасына кирип алып, жеке маселелерин чечүү менен гана алек болгон шумпайлар да толтура.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №05 (440), 05.02.2020-ж.