“Эптеп ушундай жол менен Бабановду бийликке алып келип алсак, жеген-ичкендеримди сиңирип кетем, андан сырткары дагы майлуу-сүттүү кызматка отуруп калышым кеп эмес” деген ойдо болуп атканын эң сонун түшүнүп турабыз.  

Бишкек, "Саясат. kg". Кыргыз президентинин ырын өзбек ырчысы ырдады. 

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов 11-октябрда суу, газ жана электр кубаты үчүн жеңилдиктерди жокко чыгарууга көрсөтмө берди. Тапшырма мунай баасы төмөндөп, мамлекеттин кирешеси төмөндөп, экспорт азайган маалга туш келди.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) пландык чек ара оперециясы жүрүп жатканын билдирди. Комитеттин 11-октябрда тараткан билдирүүсүндө операция бардык мамлекеттик чек араларда, анын ичинде казак-кыргыз тилкесинде өтүп жатканы айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин июнда Орусияга болгон мамлекеттик сапары маалында Кыргызстандын Орусиянын алдындагы карызын мөөнөтүнөн мурда кечүү тууралуу протоколго кол коюлган. Бул тууралуу парламенттин кароосуна түшкөн протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорунда жазылган.

Тажикстан КМШ өлкөлөрүнүн саммитине төрагалык кылган мезгилде коопсуздукту камсыздоо жана туруктуулук маселелери приоритет бойдон калат. Бул тууралуу тажик президенти Эмомали Рахмон Сочиде өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйынында билдирди.

Сочиге жумушчу сапары менен барган Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов орусиялык кесиптеши Владимир Путинди өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктап, ага алабай тукумундагы күчүк белек кылды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Гүлнура Төралиева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, бүгүн премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Сочидеги жыйынынын алкагында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов Бишкектеги №1 тергөө абагынын сегиз адам отурган камерасына киргизилди.

Тажикстандын Согди облусундагы айылдардын биринин имамы Илхомиддин Абдуллоев өлкөдө тыюу салынган «Салафия» кыймылына мүчө деп айыпталып, камакка алынды.

 

Ташкент юридикалык колледжинин студенти Саидкамрон Саидвохидов бычак менен эки курсташына кол салууга айыпталып кармалды. Жаракат алган студенттердин бири каза болуп, экинчиси аман калган.

Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаевдин сөздөрү боюнча комментарий берди. Өз сөзүндө ал Кыргызстандын аба, темир жана автоунаа жолдорунун бардыгы тең Казакстан аркылуу өтөрүн белгиледи.

Учурда кыргызстандыктар кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө Таластагы “Чоң-Капка” жана Чүйдөгү «Ак-Жол» менен «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Кыргызстан чехиялык Liglass Trading компаниясы менен кабыл алынган келишимден чыкты. Бул тууралуу токтомго өкмөт башчы Сапар Исаков кол койду.
Өкмөттөн кабарлашкандай, бул компания менен бардык сүйлөшүүлөр токтотулду.

Учурунда чоң кызматта олтурган айрым инсандар азыр эмне кылып жүрүшөт? 

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Брюсселден Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерининин басма сөз катчысы Мая Косьянчич билдирди:

Жарандардын айтымында, чек арадан өтүү үчүн кезекке туруу узакка созулууда

Бул саясий себеп болушу мүмкүн эмес деп ойлойм жана казак тарап техникалык көйгөйлөргө таянууда.