Кыргыз-казак чек арасында 1 километрге чейин созулган тыгын жаралды. Бул тууралуу Facebook социалдык түйүнүнүн колдонуучулары жазып чыгышты.
Жарандардын айтымында, чек арадан өтүү үчүн кезекке туруу узакка созулууда. Twitter социалдык түйүнүнүн колдонуучулары Кордайдагы "Ак Жол" өткөрүү пунктунда эл 6-7 сааттан кезекке туруп жатышкандыгын жазып чыгышкан.
Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чек арада узакка созулган тыгындын жаралышы коңшу мамлекеттин чек арачылары күчөтүлгөн тартипке иш алып барууга өткөндүгү менен байланыштуу.
"10- октябрда саат 18:00дөн тартып Казакстан тараптан транспорт каражаттарын жана адамдарды өткөрүү катуу көзөмөлгө алынууда. Андыктан чек арада унаалардын тыгыны жаралып, адамдар узак убакытка чейин кезекте турууда. Ошондой эле 10-октябрь, саат 20.00дөн тартып Кыргызстандагы президенттик шайлоого карата мамлекеттик чек ара кызматты күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга өттү. Чек ара көзөмөлдөрүн жүргүзүүдө Кыргызстан тараптан эч кандай чектөөлөр коюлган жок",- деп маалымдайт чек ара кызматы.
Мамлекеттик чек ара кызматы убактылуу пайда болгон ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну суранышат.
"Бардык чек ара өткөрүү пункттарында маалымат тактасы орнотулган. Ал жакта чек араны кесип өтүү эрежелери так көрсөтүлгөн. Кандайдыр бир көйгөй жаралган учурда маалымдоо үчүн атайын ишеним телефону көрсөтүлгөн",- дейт чек ара кызматынын өкүлдөрү.
URL: http://www.vb.kg/kabarordo/277591